Жалал-Абадда жаңы облустук клиникалык оорукана ачылды

Жалал-Абадда жаңы облустук клиникалык оорукана ачылды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, имараттын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен өткөң жылы башталган.

 

3 кабаттуу имарат 100 бейтапка ылайыкталган. Анда терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү жайгашат.