Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жараат алгандардын абалы жакшыра баштаганы кабарланды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан жана тик учактын кулашынан жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан төрт кыргызстандыктын абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Мекеме мындай билдирүүнү Адана мамлекеттик илимий ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме берип маалымдады.

 

Ошондой эле Анталиядагы Башкы консулдуктун дипломаттары бейтаптарга тиешелүү жардам көрсөтүп, алардын жакындары жана түрк ооруканасынын дарыгерлери менен тыгыз байланышта экени кабарланды.