Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда

Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчиликке жардам сурап кайрылгандар болгон жок.

 

Алдын ала маалымат боюнча, суу каптоодон жабыркаган кыргызстандыктар каттала элек.

 

Эске салсак, 12-апрелде Урал дарыясында суунун деңгээли 11,5 метрге чейин көтөрүлгөн. 12 миңден ашык үй, 15 миң короо-жай суу алдында калууда. 10 миң адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.