Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңдей адам катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңдей адам катталды. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунан билдиришти.

 

Бул көрсөткүч азырынча акыркы жыйынтык эмес. Мектептерден маалыматтар дагы эле келүүдө жана алар иштелип жатат.

 

Эске салсак, ЖРТ быйыл 19-майдан 24-майга чейин өтөт.