Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында инфляция 3,2 пайызды түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында инфляция 3,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жетекчисинин орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

 

Анын айтымында, азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга баа 3,5 пайыздан ашык, азык-түлүк эмес товарлар 2 пайызга, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 2,6 пайызга жогорулаган. Баарынан да тамеки жана алкоголдун баасы кымбаттап, өсүш 4,5 пайыздан ашты.

 

Чиновник белгилегендей, керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы өлкөнүн бардык аймактарында байкалган.