Өкмөттүн тизмесине кирбей калган ишмердүүлүктүн категориясы ишин бардык чектөөлөр алынгандан кийин жандантат

Өкмөттүн тизмесине кирбей калган ишмердүүлүктүн категориясы ишин бардык чектөөлөр алынгандан кийин жандантат. Кеп, бала бакчалар тууралуу болуп жатат, — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

 

Анын айтымында, абал жакшырган учурда дагы алар 1-июндан тарта иштеп баштайт. А эгер эпидемиологиялык абал ага дейре жакшырбаса, андан кийин ачылышы мүмкүн.

 

Эске салсак, буга чейин өкмөт Кыргызстанда этап менен ишке кире турган экономикалык ишмердүлүктүн тизмесин жарыялаган.