Республиканын калкты тейлөө борборлору 15-марттан тарта кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча маалыматты берип баштайт

Республиканын калкты тейлөө борборлору 15-марттан тарта кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча маалыматты берип баштайт.

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жарандар борборлорго кайрылып, объектке укугу жана чектөөлөр боюнча, техникалык мүнөздөмөлөр жана башка документтерди ала алышат.

 

Кошумчалап кетсек, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча жумушчу долбоор февралда старт алып, ордо калаанын калкты тейлөө борборлорунда сыноодон ийгиликтүү өттү.