8-апрелден тарта мектеп окуучулары дистанттык түрдө окутула баштайт

8-апрелден тарта мектеп окуучулары дистанттык түрдө окутула баштайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 1-11-класстын окуучулары үчүн видео сабактар мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.

 

Учурга карата мугалимдер дал ошол сабактарды видеого түшүрүп жатат. Эске салсак, буга чейин ведомство карантин узартылса, 4-чейрек аралыктан окутула турганын билдирген болчу. Бирок, бүтүрүүчүлөрдүн экзамендери, аттестациялык, дипломдук иштер кантип аткарыла турганы белгисиз.