Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, КР министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Настаев Александр Иванович ээлеген кызматынан бошотулду.