Бишкекте биринчи жолу Евразия экономикалык форуму өтөт

Бишкекте биринчи жолу Евразия экономикалык форуму өтөт.

Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара 26-майда болот.

Анда биримдиктин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик сессия уюштурулат.

Форумдун негизги темасы “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталат.