Жогорку Кеңешке алдын ала жыйынтык менен 4 саясий партия өттү

Жогорку Кеңешке алдын ала жыйынтык менен 4 саясий партия өттү. Боршайкомдун маалыматына ылайык, чогулган добуштар менен алдыга президенттик “Биримдик” партиясы чыкты.

 

Андан кийин эле “Мекеним Кыргызстан” келе жатат. Үчүнчү орунда “Кыргызстан”, төртүнчүдө “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясы жайгашты. Шайлоолордун акыркы жыйынтыгы жакынкы арада расмий жарыяланат. Добуш берүүчүлөрдүн катыштыгы 56 пайызды түздү.