Кыргызстандыктар бизнеске 16% менен насыя ала алышат

Чакан жана орто бизнес менен алектенүүнү каалаган кыргызстандыктар жылдык 16 пайыздык үстөк менен насыя ала алышат.

 

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, акчаны Ишкердикти өнүктүрүү фонду берет. Анын уставдык капиталы бүгүнкү күндө 600 миллион сомду түзөт.

 

Белгилеп кетсек, насыя берүүдө дыйканчылык жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенгендерге артыкчылык берилет.