Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан четтетилди

«Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилди.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мунун себеби аталган ишканадагы финансылык мыйзам бузуулар менен байланыштуу.

Тактап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганы аныкталды.

Белгиленгендей, «Кумтөр» Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тийиштүү текшерүү жүргүзгөн.

Бирок Теңгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.

Кошумчаласак, өкмөттүн маалымат кызматы «Кумтөр Голд Компани» ишканасына жаңы жетекчилер дайындалганын кабарлап, алардын ысымдарын ачыктаган жок.