«Жаш Гвардия бульвары — Лев Толстой — Матыев» көчөлөрүнө эки тараптуу транспорттук түйүн куруу сунушталды

«Бишкек башкы архитектура» ишканасы «Жаш Гвардия бульвары — Лев Толстой — Матыев»

көчөлөрүнө эки тараптуу транспорттук түйүн курууну сунуштады. Архитекторлор мындай

чара менен жол тыгынын жоюу ниетинде. Алсак, Жаш Гвардия проспекти Матыев көчөсүнө

чейин жеткирилип, эки магистраль биригет. Эскизде көрсөтүлгөндөй, Лев Толстой

көчөсү аркылуу эстакадалык көпүрө курулат.