Өлкөнүн тоолуу трассаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош
унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында,
Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Ак-Таш трассаларында муз тоңуп,
кар көчкү түшүшү мүмкүн. Андыктан, айдоочуларга этият болуп,
унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.