The New York Times басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттоо үчүн эң мыкты өлкөлөрдүн катарына киргизди.
Басылманын түзгөн тизмеси окурмандардын тандоосу аркылуу түзүлдү. Жалпысынан 2 миң аймак сунушталып,
анын ичинен 52си гана тизмеге кирди. Рейтингде Кыргызстандан тышкары, Вьетнам, Испания, АКШ, Япония,
Гаити, Сибирь бар. Эске салсак, буга чейин британиялык The Guardian басылмасы биздин өлкөнү
2021-жылы саякаттоо үчүн өлкөлөрдүн сап башына чыгарган.