Бишкектеги күндүзгү стационардык түйүндөрдө кошумча 200 орун даярдалды

Бишкектеги күндүзгү стационардык түйүндөрдө кошумча 200 орун даярдалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кошумча орундар ордо калаанын 4 районундагы стационарларга тең бөлүштүрүлдү.

 

Белгилеп кетсек, күндүзгү стационарлар күнүнө 6 миңге чейин адамды тейлейт. Аларда ошондой эле укол сайдырып, тамчылатма дары алса болот.