Жефф Безос тарыхта алгачкы ирет байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам болду

Жефф Безос тарыхта алгачкы ирет байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам болду.

Forbes басылмасы билдиргендей, пандемия учурунда ишкердин баалуу кагаздарынын наркы

55 пайызга жогоруласа, жыл ичинде байлыгы 86 миллиард долларга көбөйдү.

Рейтингде экинчи сапты 115,5 миллиард долларлык байлыгы менен Microsoft компаниясынын

негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс ээлейт. Үчүнчүгө Бернар Арно илинди.

Анын мүлкү 113 миллиард 200 миллион долларга барабар.