Ош шаарында бардык базарлар эми мурдагы график менен иштешет.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, буга чейин базарлар жумасына
2 ирет дезинфекциялоо иштерине байланыштуу жабылып турчу. Эми санитардык иштер
дүйшөмбүдө саат түшкү 12ге чейин эле жүргүзүлөт. Муниципалитеттен белгилешкендей,
пандемия катталгандан бери калаада гигиеналык тазалоо иштерине 30 тоннадан ашык хлор сарпталды.