Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырат

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырат.

 

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн salyk.kg сайтында маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү/калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, аны басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына бериш керек. “Жеке кабинетке” кирүүгө мүмкүнчүлүгүн алуу менен декларация, отчетторду берүүгө, ошондой эле башка онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууга болот.

 

Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.