Кыргызстанда эми цемент жана кирпичтин баасы кымбаттады

Кыргызстанда эми цемент жана кирпичтин баасы кымбаттады.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди. Статком тарабынан өлкөнүн 18 калктуу конуштарындагы бааларга мониторинг жүргүзүлгөн.

 

Учурда 50 килограмм цемент 355 сомдон сатылууда, бул май айындагы бааларга салыштырмалуу 13 пайызга көп. Ал эми 1 миң даана кирпич орто эсеп менен 7 миң 840 сомго бааланып, мурунку айга караганда 5 пайызга көтөрүлдү.