Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 7-кичи райондо медициналык клиниканын дарбазасы, Ынтымак конушунда соода күркөсү жана Тыныстанов-Москва көчөлөр кесилишиндеги жарнамалык конструкция алынды. Алар тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталган.
Бул жаатта иштер дагы улантылат, — дешти мэриядан.