Кыргызстанда доллар акырындап арзандоо багытын алды

Кыргызстанда доллар акырындап арзандоо багытын алды. Бир катар коммерциялык банктардагы америкалык валютанын куну 105 сомго түштү. Бүгүн эртең менен эле долларды сатып алуу – 104 сом, сатуу – 106 сом 50 тыйын болсо, учурда сатуу 102 сом, сатуу 105 сомго теңелди.

 

Белгилеп кетсек, Россия-Украина ортосундагы согуштук аракеттер башталып, Россияга санкциялар киргизилгенден кийин Кыргызстанда доллардын куну кескин кымбаттап, 84 сомдук позициядан 107 сомго чейин жеткен.