Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты берилди

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Башкаруу акадмемиясы мындан ары “Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы” деп аталат.

Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы 1997-жылы түптөлгөн.

 

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Эл комиссаралар кеңешинин төрагасы болуп дайындалат.

1933-жылы сентябрда Абдрахманов кызматтан алынып, партиядан чыгарылган. 1937-жылы июнда камакка алынып, атууга өкүм кылынган. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш аймагында ишке ашырылган.

 

Аны жарандык реабилитациялоо 1958-жылы, партиялык актоо — 1989-жылы болгон.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго быйыл «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак Шумкар» ордени берилди.