Шайлоо жана референдум өткөрүү учуруна алгоритм иштелип чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлиги шайлоо жана референдум өткөрүү учуруна  алгоритм иштеп чыкты.

Ага ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын кызматкерлери жана добуш берүүчүлөр менен

иш алып баргандар бепкап жана кол каптар менен камсыздалат, — деди ведомство жетекчиси

Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, ар бир шайлоо тилкесинде экиден медицина

кызматкери нөөмөттө турат. Ошондой эле шайлоо тилкелерине келгендердин дене табы текшерилип турмакчы.

Бейшеналиев кошумчалагандай, добуш берүү тилкелери толук түрдө дезинфекцияланат.