Жергиликтүү кеңештерди шайлоого чыгымдар сметасы жакынкы күндөрү бекитилет.
Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, учурда Боршайком негизги иш-чаранын планын түзүүдө, ошондой эле
шайлоо округдарын аныктап, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте добуш
берүүчүлөрдүн тизмесин тактайт. Эске салсак, шайлоо 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.
Анын 28и шаардык. Өтүү мөөнөтү 11-апрель.