Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоого 40 миллион сом сарпталат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоого 40 миллион сом сарпталат.

«Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдиргендей, мурдагы шайлоого салыштырмалуу

бул ирет каражат азыраак сарпталышы күтүлүүдө. Комиссия эсебине ылайык, кызматкерлер мурдагыдай эки айдан ашык эмес,

кырк эле күн иштейт. Эске салсак, Кыргызстанда 11-апрелдеги шайлоону уюштурууга 425 миллион сом жумшалган.

Анын 27 миллиону Бишкекке, 9 миллиону Ошко, 2 миллиону Токмокко багытталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгына

байланыштуу нааразылыктардан улам аталган шаарларда шайлоо жокко чыгарылды.