Боршайком чет өлкөлөрдө шайлоо жүргүзүү үчүн 10 миллион сом сарптайт

Боршайком чет өлкөлөрдө шайлоо жүргүзүү үчүн 10 миллион сом сарптайт.

Ведомствонун басма сөз кызматкери Руслан Изреков билдиргендей,

кызматтык сапар үчүн 4 миллион сом жумшалат. 4-октябрь добуш берүү күнүндө

чет мамлекеттерде 42 шайлоо тилкеси ачылат. Аларда консулдук каттоого турган

кыргызстандыктар гана добуш бере алат. Учурда чет мамлекеттердеги

кыргызстандыктардын тизмеси түзүлүп жатат. Ал дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн

сайтында жарыяланып, мекендештер алардан өздөрүнүн бар-жоктугун текшериши зарыл.