Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мекемеден тышкары добуш берүү 9-апрелде өтөт

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мекемеден тышкары добуш берүү 9-апрелде өтөт.

БШКдан билдиришкендей, жарандардан арыздарды кабыл алуу бүгүн аяктады.

Ден соолугуна байланыштуу шайлоо тилкесине келе албаган же ооруканада жаткан шайлоочулар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында өтөт.

Добуш берүү 10-апрелге белгиленген.