Апрель окуясына 12 жыл болду

Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 12 жыл болду. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты.

 

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында Апрель ыңкылабында каза болгондор эскерилди.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

 

Окуянын 12 жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өтөт.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

 

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.