БШК өлкө президентине талапкерлер үчүн бир катар документтерди бекитти.
Мыйзамга ылайык, өлкө башчы болууга талапкер 1 миллион сом өлчөмүндөгү
күрөө акысын төлөп жана шайлоо фондун түзүшү керек. Фонддун суммасы
100 миллион сомдон ашпашы шарт. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн
мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.