Президенттик шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси   10-ноябрга чейин жарыяланышы керек

Президенттик шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси 10-ноябрга чейин жарыяланышы керек. БШКнын маалыматына ылайык, андан кийин ар бир шайлоо комиссиясына тилке бонча бөлүштүрүлгөн тизме тапшырылат.

 

Андан соң жарандарга өздөрүн тизмеден тактап алуу сунушталат.

 

БШК болсо абакта отурган, вахталык негизде иштеген жарандарды тизмектейт. Ал эми добуш берүүгө укуктуу жарандардын акыркы тизмеси 2-январга чейин жарыяланышы керек.