Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга жана чет өлкөлөрдө жайгашкан шайлоо тилкелерине бюллетендерди жөнөттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 702 миңден ашык бюллетень, бир мандаттуу округдардан шайлоого 3 миллион 630 миңге жакын бюллетень басып чыгарылды.
Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.