Жергиликтүү шайлоолордо үгүт кампаниясын баштоо мөөнөтү ар кандай

Жергиликтүү шайлоолордо үгүт кампаниясын баштоо мөөнөтү ар кандай. БШКдан билдиришкендей, шаардык кеңеш депутаттары 12-марттан тарта үгүт жүргүзсө, айылдык кеңештерде агитация 22-мартта башталат.

 

Ал эми ага чейин бардык талапкерлер каттоодон өтүүгө тийиш. Белгилеп кетсек, айрым себептер менен талапкерлер каттоодон өтпөй калса, күрөө акысы кайтарылат. Эске салсак, 448 жергиликтүү кеңешке шайлоолор 11-апрелде өтөт.