Президентикке талапкерлер каттоодон баш тартуу чечимин талаша алат

Президентикке талапкерлер каттоодон баш тартуу чечимин талаша алат. Боршайкомдун маалыматына ылайык, эгер талапкер кандайдыр бир себептер менен каттоодон өтпөй калса, ал 1 сутканын ичинде бул тууралуу маалымат алат.

 

Андан кийин талапкер эгер аны жарыштан мыйзамсыз четтетишти деп эсептесе, сотко кайрылса болот.

 

Белгилеп кетүүчү нерсе, четтетилген талапкерге 1 миллион сом күрөө акысы бир учурда гана кайтарылат – бюллетендер бекитиле элек болсо, тагыраак айтканда, 20-декабрга чейин. Эске салсак, талапкерлерди каттоо 14-декабрда жыйынтыкталат.