Шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар улуттук валютада гана кабыл алынат

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар улуттук валютада гана кабыл алынат.

Боршайкомдон эске салышкандай, шайлоо фонддорун түзгөн бардык акчалар банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которулат.

Бул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен саясий партия жана талапкер тарабынан ачылат.

Көрсөтүлгөн эсептерге кирешелер кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.

Эске салсак, Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди.