Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 13-мартта башталат

Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 13-мартта башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. БШКдан белгилешкендей, айылдык кеңештердин жарнамалык кампаниясы 23-марттан тарта жүргүзүлөт.

 

Үгүт иштери добуш берүү башталганга 1 күн калганда токтошу керек. Учурда Боршайком талапкерлердин документтерин текшерип, аларды каттоодон өткөрүүгө даярданып жатат. Эске салсак, 5 шаардык жана 25 айылдык кеңешке шайлоо 12-апрелде өтөт.