БШК саясий партиялардын каржы булактарын жарыялай баштады

БШК саясий партиялардын каржы булактарын жарыялай баштады.

Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, шайлоо фонддорундагы сумманы буга чейин Борбордук шайлоо

комиссиясынын адистери гана билип келсе, мындан ары ар бир жаран андан

кабардар болот. Маалыматтар talapker.shailoo.gov.kg сайтында улам жаңыланып

турмакчы. Белгилеп кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 12-апрелде өтөт.