Жогорку Кеңеш Бахрейн, Ливан, Мальдив жана Бириккен Араб Эмираттары менен визасыз режим киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо 3 окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Бахрейн, Ливан, Мальдив жана Бириккен Араб Эмираттары менен визасыз режим киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо 3 окууда жактырды.

 

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин айтымында, аталган өлкөлөр менен визасыз режим бардык кыргызстандыктарга тиешелүү эмес.

 

Алсак, Бахрейн жана Ливанга дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери виза албай кире алса, Араб Эмираттары менен дипломаттык документтердин ээлерине визаны жок кылуу макулдашуусу жетишилди.