Бишкек аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда

Бишкек аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, Биринчи май районунда мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрү алынып жатат. Темир жол бекетинин айланасындагы курулуштар түрттүрүлүп, бул жерде жаңы сквер түзүү пландалууда.

 

Ошондой эле 1920-жылдары курулуп, архитектуралык объект болуп калган аялдама калыбына келтирилет.