Россияга кирген мигранттардын саны 1,5 эсеге көбөйдү

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Орусияга 631 миңдей өзбекстандык мигрант кирген. Мындай маалыматты Россиянын Федералдык коопсуздук кызматына таянып «Ведомости» басылмасы жазды.

 

Андагы маалыматка караганда, 2023-жылдын алгачкы үч айында Россияга жалпы 1 млн. 300 миң эмгек мигранты кирген. Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.

 

Россияга мигрант жөнөтүүдө Өзбекстан биринчи, Тажикстан (350 миң киши) экинчи, Кыргызстан (173 миң киши) үчүнчү орунда турат. Басылма каттоосуз иштеп жүргөндөрдүн саны алда канча көп болушу ыктымал экенин белгиледи.

 

Россияда борборазиялык мигранттарды согушка азгыруу фактылары болуп жатканы байма-бай кабарланып келет.

Азыр мечиттерде, жатаканаларда жана миграциялык борборлордо мигранттарды армияга тартууга аракеттер жүрүп жатканы маалымдалууда.