Жогорку Кеңеш Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин колдошту

Жогорку Кеңеш санариптик өнүктүрүү министри кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин колдоду.

Жалпы 80 депутат каттоодон өтүп, баары «макул» деп добуш беришти.

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.