Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү дайындалды

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп Алмасбек Абытов дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 27-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Белгилүү болгондой, Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алмасбек Абытов президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды.