Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына мектепке зарыл буюмдар тапшырылды.
Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын, Ош, Чүй облустарынын жана Бишкектин 70 мектебинин 1 миң 130дан ашык окуучусуна окууга керектүү буюмдардын топтому ыйгарылды.
Белектердин жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түзөт. Бул коронавирус пандемиясынан кийин үй-бүлөлөрдү колдоо максатын көздөйт.