Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Эртең республика аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, басымдуу аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Аба-ырайынын мындай шарттары жазгы талаа иштерине, коммуналдык, байланыш кызматтарына тоскоолдук жаратат.