Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 8, Ош шаарында 5, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 1, Нарында 6, Ысык-Көлдө 1 адам ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын жалпы саны 462ге жетти.