Кыргызстан жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу жүрүүдө

Кыргызстан жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу жүрүүдө. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, абитуриенттер 2020.edu.gov.kg/ порталына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

 

Бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн негизги тестирлөөдө 110, предметтикте 60 упай болушу керек. Ал эми келишимдик негизде билим алууга босого упай – 105 балл деп орнотулду.