Боршайком партияларды съезддерин онлайн өткөрүүгө милдеттендире албайт

Боршайком партияларды съезддерин онлайн өткөрүүгө милдеттендире албайт. 24 агенттигине комиссиядан билдиришкендей, алгоритм иштелип чыга элек. Азырынча республикалык штаб тараткан сунуштар бар.

 

Партиялар тизмелерин кантип түзүп, съезддерди кандай форматта өткөрөт, өздөрү чечет, — дешти БШКдан. Эске салсак, партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүп, 5 миллион сом кепилдик суммасын бериши керек.