Жогорку Кеңеш депутаттары саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттары саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.

Депутаттар соңку кырдаал боюнча маалымат алуу үчүн аны чакырышкан. Бирок министр келбей коюп, эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты. Бейшеналиевди кызматтан кетирүү тууралуу өкмөткө сунуш берүү токтом долбоору добушка коюлуп, 81 депутат «макул», сегизи «каршы» добуш беришти. Парламенттин мындай чечим кабыл алуусуна министрдин комитеттин төрт жолку чакыруусуна, бүгүн жалпы жыйынга келбей койгону негиз болду.

Аны менен катар уу коргошун ичүүнү сунуштоо менен кыргыз медицинасын бүт дүйнөгө уят кылганы белгиленди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитети

Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.