Жогорку Кеңештин комитети бүгүн премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин карайт

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук суроолор жана регламент боюнча комитети бүгүн премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин карайт.

 

“Азаттык” маалымдагандай, ошондой эле өкмөттүн жаңы курамы, программасы жана түзүмү дагы күн тартибине киргизилди.

 

Профилдик комитет жактырган соң, жаңы курам парламенттин жалпы палатасында талкууланат. Эске салсак, Мариповдун талапкерлигин кечээ көпчүлүк коалициясы жактырды.